ЖРТга каттоо 7-апрелге чейин уланат
Өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоо башталды. Бул тууралуу 3-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.
Айтымында, Кыргызстандын мектептеринде алдын ала маалыматтар боюнча 11-класста 69 миң, 9-класста 115 миң бүтүрүүчү окуйт.
ЖРТга каттоо 27-февралда башталган. Ал 7-апрелге чейин уланат.
"Бул ыктыярдуу, аны ЖОЖго тапшырууну каалагандар тапшырышы керек. ЖРТ системасы боюнча эч нерсе өзгөрбөйт: негизги жана кошумча тесттер болот. Онлайн каттоо мектептерде жүргүзлөт. Ал эми бир жыл мурда бүткөндөр райондук же шаардык билим берүү борборлорунда каттоодон өтүшөт", - дейт Үсөналиев.
ЖРТга катталуу үчүн:
- паспорт;
- бүтүрүүчүнүн мектепте окуп жатканын тастыктаган маалымкат менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чыга электер үчүн);
- аттестат (өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
- каттоо жыйымынын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
- паспорттогудай сүрөттүн электрондук версиясы (ак фондо баш кийимсиз жүз, хиджаб кийүүгө уруксат).
Катталуу үчүн төлөмдөрдү РСК Банктын каалаган бөлүмүндө же O!Money тиркемеси аркылуу жүргүзсө болот. Төлөм мурда 370 сом болсо, 2023-2025-жылдары негизги 470 сомдон жана ар бир кошумча тестке өзүнчө төлөнөт.
Сүрөт иллюстрациялык.