ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Быйыл эң жогорку балды ким алды?
RU

ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Быйыл эң жогорку балды ким алды?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:

  • Бишкек шаарынан - 35 окуучу
  • Ош облусу - 7 окуучу
  • Ысык-Көл облусу - 5 окуучу
  • Чүй облусу - 4 окуучу
  • Баткен облусу - 3 окуучу
  • Нарын облусу – 2 окуучу
  • Жалал-Абад облусу -1 окуучу

Быйыл эң жогорку балл - 235. Аны Бишкек шаарындагы № 70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.

24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7272