Чүйдө 31 жаштагы жаран зордуктоого шектелүүдө
1569
Чүйдө милиция кызматкерлери зордуктоого шектелген 31 жаштагы жаранды кармашты. Бул туурасында облустук милициядан маалымдашат.
Айтылгандай, 29-январда Сокулук районунун тургуну милицияга кайрылган. Анда 2008-жылы туулган А.Ф. аттуу кызын 26-январга караган түнү белгисиз киши күч колдонуп, зордуктаганын айткан.
Арыздын негизинде 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
2-мартта ыкчам териштирүүнн алкагында шектүү катары 1992-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10645