Өспүрүм кызга күч колдонуп, жыныстык катнашка барды делген киши кармалды
RU

Өспүрүм кызга күч колдонуп, жыныстык катнашка барды делген киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм кызга физикалык күч колдонуп, жыныстык катнашка барды деген шек менен 45 жаштагы киши кармалды. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына кабарлашкандай, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилүү болгондой, 27-февралда Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 2006-жылы туулган жакынына А. аттуу киши күч колдонуп, жыныстык катнашка барганын айткан.

Бул факты "Зордуктоо" беренеси менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.

Теришитрүүнүн жүрүшүндө 28-февралда 1978-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кошумча тергөө амалдары улантылууда.

Шектүү ЖОЖдо сабак берери айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10579