Көчөдө калган келиндин окуясы. Президент ызы-чуу түшкөн Ак-Ордого барды (видео)
RU

Көчөдө калган келиндин окуясы. Президент ызы-чуу түшкөн Ак-Ордого барды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды. Ал эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт дейт президенттин маалымат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков.

Айтымында, өлкө башчынын аталган конушка барарын маалыматтык саясат кызматы деле билген эмес.

"Учурдан пайдаланып айтып коюну туура көрдүм. Президенттин Ак-Ордого барганын жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, жарыялашты. Биз да билген эмеспиз.

Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, социалдык байланыш тармагындагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар.

Керек учурда өзү күтүүсүз барып калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет. Белгилей кетсек, бүгүн барган конушта үйү түртүлгөн аял тууралуу талкуу болду", - деди ал.

Президент менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев да аталган конушта болду.

Эске салсак, 1-мартта аталган конушта эки үй түрттүрүлүп, 4 балалуу келин көчөдө калган. Жогорку Соттон үй талаш жерге курулганын, сотко кайрылган тарап утуп алганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10678