Акылбек Жапаров Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушууга Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышканын Министрлер кабинетинен билдиришет.
Маалым болгондой, жолугушууда Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү айланма Чүй каналы-2 курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү жана быйылкы жылы курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь жогоруда аталган маселелерди илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.