Президенттин басма сөз катчысы автобустар эмне үчүн Кытайдан алынганын түшүндүрдү
RU

Президенттин басма сөз катчысы автобустар эмне үчүн Кытайдан алынганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-февралда өлкөгө алынган атайын техникаларды тапшыруу иш-чарасы өтөт. Анын ичинде Кытайдан алынган 120 автобус да бар.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев автобустар эмнеге ата мекендик "Белес" компаниясынан эмес, чет өлкөдөн алынганын түшүндүрдү.

"Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. "Белес" менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон.

Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө.

Анын үстүнө, учурда "Белес" компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан учурда "Белес" компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10143