Эл өкүлү Транспорт министринин орун басарына УКМК иш козгоп-козгобогонуна кызыкты
RU

Эл өкүлү Транспорт министринин орун басарына УКМК иш козгоп-козгобогонуна кызыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Алишер Козуев УКМК Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаевге кылмыш ишин козгогону чынбы деп сурады.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 7-марттагы жыйынында депутат министрдин орун басары бул кызматка экинчи жолу дайындалганын белгиледи. Ал эми Солтобаев эмне үчүн биринчи жолу кызматынан бошотулганын сурады.

Министрдин орун басары арызды өз каалоосу менен жазганын, анткени экс-министр Гүлмира Абдралиева башка адамды орун басарлыкка дайындоо чечимине келгендигин айтып, арада эч кандай түшүнбөстүк жана чыр-чатак болгон эмес деп жооп берди.

"Буга чейин Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун башкы инженери болгонсуз. Долбоорду ишке ашыруудагы кемчиликтерден улам УКМК сизге кылмыш ишин козгоп, кызматтан кеттиңиз. Ошол туурабы?" – деп сурады Козуев.

Солтобаев УКМК ага карата иш козгогон жок деп жооп берди. "Мени суракка чакырышкан жок, иш боюнча мага маалымат берилген эмес. Сизге берилген маалымат туура эмес", - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Транспорт министри Тилек Текебаев өз кезегинде бардык талапкерлер дайындалганга чейин тиешелүү текшерүүдөн, анын ичинде УКМКнын текшерүүсүнөн өтөөрүн эске салды. Анын айтымында, Солтобаевге эч кандай дооматтар болгон эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10727