"Орун басарларыңарды айдагыла". Бактыбек Сыдыков Транспорт министрлигинин ишин сынга алды
RU

"Орун басарларыңарды айдагыла". Бактыбек Сыдыков Транспорт министрлигинин ишин сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Бактыбек Сыдыков Транспорт жана коммуникация министрлиги эл аралык долбоорлор менен өтө начар иштейт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бардык долбоорлор коронавирустук пандемия учурунда башталган.

"Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушун бүтүрөм деп төрт министр сөз берген. Төртөө тең кетти. Альтернативдик жолдун [Түндүк-Түштүк] ишин эч ким көзөмөлдөбөйт. Көңүл бургула. Орун басарларыңарды айдагыла, иштешсин. Жылуу кабинеттерде отурбай, иштесин! Эмнеге жаныңызда кармап отурасыңар? Жумгалдыктар кытайлык подрядчик салышы керек болгон жолдун башталбай калганына нааразы болууда", - деди Сыдыков ачууланып министр Тилек Текебаевге кайрылып.

Депутат курулушка насыялар алынганын, алар төлөнүп жатканын, бирок иш аягына чыга электигин эске салды.

Министрликтин өкүлү таң эртеден баштап саат 07:30дан баштап 15 долбоордун ишин өзү көзөмөлдөп жатканын айтты. "Бардык консультанттар WhatsApp тайпасында бар. Алар сутка ичинде аткарылган иштер боюнча отчет беришет", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10725