Ошто 27 жаштагы жигит асынып алган. Алдын ала себеби
RU

Ошто 27 жаштагы жигит асынып алган. Алдын ала себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Ал өз үйүндө асынып алганын Ош ШИИБдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, 5-мартка караган түнү Ош шаарындагы дачалардын биринде 1996-жылы туулган Э. уулу А. үйүндө асынып алган. Жерине милиция кызматкерлери барышып, тиешелүү маалыматтар чогултулган. Маркумдун жакындары эч кимге доо арызы жок экенин айтышып, экспертиза жасатуудан баш тартышкан.

Бул факты суицид деп каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты милициядан.

Өздүк булактардын айтымында, каза болгон жигит жакында эле Россиядан келген. Алдын ала маалымат боюнча, ал айыккыс дартка чалдыккан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10762