Түптө окуучу кыз асынган абалда табылды
RU

Түптө окуучу кыз асынган абалда табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы кыз асынган абалда табылды. Маалыматты облустук милициядан ырасташып, окуя 28-январда болгонун кабарлашты.

Маалымдалгандай, 2009-жылы туулган кыз өзү жашаган үйдүн короосуна асынып алган. Анын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда зомбулуктун белгилери болгон эмес.

Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалашты милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10120