Рухий Мурастагы талашка түшкөн үй. Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен сыртта калды
RU

Рухий Мурастагы талашка түшкөн үй. Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен сыртта калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү 2005-жылдан бери жашап келген үйүнөн ажырап калды. 7-мартта соттун чечими менен аларды чыгарып кетишкен.

Окуя тууралуу актёрдун апасы Гүлсина Дооронова буларды айтат.

"2012-жылы дүкөн иштетип жүрүп, Назира Барпиева деген аял менен таанышып, андан 20 пайыз менен акча алгам. Эгер ал төлөнбөй калса, эртеси пайыз эки эсе кошулуп отура бермек. Алган сумманы берип, "сенден карызым" деп Москвага кеткем. Бирок эч кандай тил кат жазылган эмес. 2013-жылы Назира Барпиева карызды бербей жатат деп сотко кайрылган. Ал менин атымдан жазылган 6 тил катты көрсөтүптүр. Сот сырттан карала берген. Натыйжада мени 500 миң сомдон ашык сумманы карыз кылышат. 2012-жылы "86 миң сом алдым" деген тил кат мен Россияда жүргөндө жазылган. "Кыргыз темир жолунан" Россияга кеткеним тууралуу, 4 жылдан кийин "Манас аэропорту" аркылуу учуп келгенимди тастыктаган документтерди сотко берсек жарабайт деп карабай коюшту.

Доогер сотко карызды бербесе үйүн сатыкка коюп, өндүрүп бергиле деген. Үй бааланып, аукционго коюлган, бирок эч ким алган эмес. Барпиева үйдү анын наамын өткөрүп берүүсүн, калган айырманы төлөп берерин сотко айткан. Бул өтүнүч канааттандырылып, соттун чечими менен үй Барпиевага өтүп, менин депозиттик эсебиме 600 миң сомдон ашык айырманы которот. Мамкаттоодон Барпиевага жаңы документтер берилген"...

Ушул жерден Кубандык Камалов сөздү улап, сот деле тынчтыкка келүүгө, өз ара сүйлөшүп алууга чакырганын айтты.

"Эки жолу сүйлөшүү жолу менен чечели дедик. Апама которулган сумма менен карызды (1 млн сомдон ашык) төлөп берүүгө макул болуп сүйлөштүк. Барпиеванын өзү менен эмес, өкүлү менен сүйлөшүп, жолукканбыз. Бирок "силер акчаны бере бергиле, 2-3 күндөн кийин документ, кагаз иштерин бүтүрөбүз" дешти. Биз дароо бүтүрөлү деп ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз. Экинчи жолку сүйлөшүүдө Барпиеванын атасы 1,5 млн эмес 2 млн берсин деди. Анын айткандарын мен жаздырып алгам. Ошентип сүйлөшүү жолу менен бүтпөй калган. Бизди чырылдатканы эле 6 тил кат болуп жатат. Апам жазбаган тил катты жазды дешип соттор чечим чыгарып коюшкан", - деди ал.

Ал эми экинчи тарап, тагыраагы пайызга акча берген Назира Барпиеванын өкүлү Айымбүбү Үмөталиева өзүнүн версиясын айтты.

"Назира Барпиеванын акча бергени ырас. Карызды кайтарбаганы үчүн 2013-жылы сотко кайрылып, акчасын өндүрүп берүүнү суранган. 2015-жылы октябрда Дооронованын наамындагы үй Барпиевага соттун чечими менен өтөт. Ошондон бери 8 жыл өттү, сот деле тынчтыкка келип, сүйлөшүп алууга чакырган. Эки жолу тынчтыкка келели деп сүйлөшүп, акчаны бербегени сүйлөшүү мүмкүн болгон эмес. Ооба, Кубандык (ред.: Камалов) эки жолу тең акчаны алып келди, бирок атасы чыр салып бердиртпей кетип калган. 8 жыл мурда эле үй Барпиевага өткөн, 2 жолу эскертүү үйдү бошотуу тууралуу эскертүү берилген", - дейт экинчи тараптын өкүлү.

Бул маселени Башкы прокуратура көзөмөлгө алып, комиссия түзүлгөнү белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10773