Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үйдүн ордуна жаңы там салынат
RU

Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үйдүн ордуна жаңы там салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордодо Марал Шараболотованын мурда бузулган үйүнүн ордуна жаңы үй курула баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жазды.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен заманбап үй куруп берүү иштери башталды. Орунбеков жарыялаган видеодо Марал айым жаңы үй салууга жардам берген президентке ыраазычылыгын билдирди.

Белгилесек, Ак-Ордо конушунда жер трансформациясына байланыштуу үй түрттүрүлүп, анын кесепетинен 1-мартта 4 балалуу келин көчөдө калган. Кийин жерине өлкө башчы барып, окуянын чоо-жайын билип келген.

Бул маселеге байланыштуу Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10749