Ботаникалык бактын макамын өзгөртүүнү сунуштаган Эмил Жамгырчиев жерине барды
RU

Ботаникалык бактын макамын өзгөртүүнү сунуштаган Эмил Жамгырчиев жерине барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ботаникалык бакты реконструкциялоону сунуштаган Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Э.Гареев атындагы сейил бакка барып, ал жерде тартылган видео менен бөлүштү.

Эл өкүлү ботаникалык бактагы таштандылар чыгарылбай жатканын, бак-дарактар кургап калганын белгилеп, президенттик администрацияга өткөрүп берүү керектигин айтат.

"Бишкектеги ботаникалык бактардын абалы начар экенин айтып, жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын дайыма белгилеп келем. 100 гектардан ашуун аянтты ээлеген бакка 20 гана адам кам көргөндүктөн, жумушчу күч, каражат жетишпей, учурда ботаникалык бактардын абалы өтө начарлап кеткени баарыбызга маалым.

Айлана-чөйрөгө өзгөчө кам көрүү менен бирге жаратылыш биздин байлыгыбыз экенин эсибизден чыгарбасак. Жакынкы күндөрү шаар тургундары менен биргеликте ишембилик уюштурууну пландап жатабыз", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10801