Депутат Бишкектеги ботаникалык бакка президенттин ысымын берүүнү сунуштады
RU

Депутат Бишкектеги ботаникалык бакка президенттин ысымын берүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жамгырчиев Бишкектеги ботаникалык бакка президенттин ысымын берүүнү сунуштады. Ал мындай сунушун бүгүн, 22-февралда парламент жыйынында айтты.

Депутат борбордогу эки ботаникалык бактын абалына кесиптештеринин көңүлүн буруп:

"Борборубузда жалпы аянты 150 гектарды ээлеген эки ботаникалык бак бар. Аларды болгону 20 адам карайт. Бактын абалын көрсөңүз ит баспай калды. Мүмкүн улуттук макам же президенттин атын беребиз", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10451