Ала-Букада 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган жигит камакка алынды
RU

Ала-Букада 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган жигит камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган жаран 2 айга камакка алынды. Бул туурасында облустук милициядан Kaktus.kg сайтына маалымдашты.

Белгилүү болгондой, окуя 2022-жылдын 2-декабрда болгон. Анда саат 07:30 чамасында мектепке бараткан 2007-жылы туулган окуучу кыз менен Ала-Бука районунун 25 жаштагы А.Д. аттуу тургуну жыныстык катнашка барган.

Бул факты боюнча 2023-жылы 8-февралда 157-берененин (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

9-февраль күнү кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары 1997-жылы туулган А.Д. кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10814