Бишкекте зордуктоо фактысы катталып, шектүү изделүүдө
RU

Бишкекте зордуктоо фактысы катталып, шектүү изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте зордуктоо фактысы катталып, милиция кызматкерлери шектүүнү издеп жатышат. Kaktus.media сайтына өздүк булактар белгилегендей, токтоп турган унаалардын биринин салонунда катталган.

Маалымдалгандай, 9-мартка караган түнү милицияга билдирүү түшкөн. Анда Түгөлбай Ата көчөсүндө 1989-жылы туулган Ж.Ж. таанышы менен унаанын ичинде отурган. Алдын ала маалымат боюнча, зордуктоо унаанын салонунда болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүнү издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10782