Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор: Бөлтүрүк жубайынын айткандарын четке какты
RU

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор: Бөлтүрүк жубайынын айткандарын четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗОдогу Тенгиз Бөлтүрүккө барышты.

Маалым болгондой, аталган борбордун өкүлдөрү "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаеванын билдирүүсүнөн улам СИЗОго барган. Себеби, социалдык тармактарда ал күйөөсү кыйноого алынышы мүмкүн экенин айткан.

Буга ылайык 10-мартта УКМКнын СИЗОсунда жаткан Бөлтүрүккө Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери айыпталуучу менен жолугушуп, Тенгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке каккан. Ал эч кандай кыйноолорго кабылбаганын билдирген.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Буга чейин Бөлтүрүктүн оң билегинде шишик бар экенин анын жубайы билдирип, жолдошу кысымга кабылышы мүмкүн деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10870