Тенгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунда олуттуу көйгөй бар экенин жубайы айтып чыкты
RU

Тенгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунда олуттуу көйгөй бар экенин жубайы айтып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөрдүн" жана "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар экенин жубайы Ильмира Алпысбаева социалдык тармакка жазды.

Айтымында, Тенгиз Бөлтүрүк апноэ (жогорку дем алуу жолдорунун толук же жарым-жартылай тоскоолдугунан улам уктап жатканда дем алуунун үзгүлтүккө учурашы менен мүнөздөлүүчү медициналык абал) менен жабыркайт.

"Бул саясий пост эмес. Бул сүйүктүү аялдын, эненин сүйүктүү адамынын өмүрү үчүн тынчсыздануусу, жүрөгүнүн кыйкырыгы. Ал апноэ менен ооруйт. Бир түндө эле 34 ирет дем алуусу 1-1,5 жарым мүнөткө токтоп калат. Бул көйгөй Канадада жүргөндө эле башталган. Стресс болгондо ого бетер күчөйт", - деп жазды Алпысбаева.

Ал белгилегендей, жолдошунун оң колунун билегинде шишик болгон. Мындан улам кысым жасалган деп божомолдойт.

"Күнөөсүн мойнуна алсын, кылбаганын мойнуна алсын деп бир нече саат бою анын колуна кишен салышып, прокуратуранын жабык бөлмөсүндө кармашкан. Бул менин эле билгеним. Жолдошум менден жашырып жүрөт. Ага эмне кылганы жатышат? Басымдын дагы кандай түрлөрүн көрсөтөт? Кийинки кадам кандай? Кыйноо, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү же өзүн-өзү өлтүрүүгө жардам берүү, жүрөгүнүн капысынан сокпой калышыбы?Дагы эмне? Ууландыруубу? Башка СИЗОго өткөрүп берүүбү? Түрмөдө өлтүрүүбү? Дагы эмне кыласыңар? Мага жолугушууга тыюу саласыңарбы?", - деп суроо салды.

Алпысбаева жолдошу кесипкөй инженер катары канадалык лицензиясы бар экенин, ал саясатчы же оппозиция эмес экенин белгиледи.

"Ага карата адамгерчилиги, жылуу мамилеси үчүн УКМКнын СИЗОсунун бардык кызматкерлерине, катардагы жоокерлерине ыраазычылык гана айта алам", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эске салсак, Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компанинин" кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10769