16 жаштагы кыз атасынын унаасын уруксатсыз айдап, кырсыктады. Классташы каза тапты
RU

16 жаштагы кыз атасынын унаасын уруксатсыз айдап, кырсыктады. Классташы каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда 16 жаштагы кыз атасынын унаасын уруксатсыз айдап чыгып, кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 11-март күнү саат 16:40 чамасында Кашка-Суу айылында жол кырсыгы катталган. Honda CRV унаасын башкарып бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм рулду башкара албай, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган З.А.З ошол жерден каза болуп, дагы төртөө жаракат алган - Э.А.Э., С.М.Э., А.А.А. жана 2006-жылы туулган М.А.Т. Алардын баары ар кандай жаракаттар менен Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.

Өспүрүмдүн атасы милицияга кайрылып, ошол күнү кызы короосунда токтоп турган унааны уруксатсыз айдап, классташтары менен чогуу кеткенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10894