Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү узарды
Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы бир ай абакта отурат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Айтымында, Биринчи Май райондук соту Разаковду СИЗО-1ге камоо мөөнөтүн узартты. Ал 24-апрелге чейин СИЗОдо болот.
Тема боюнча:
Эске салсак, Разаков 2017-жылы Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен ишеничине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1 000 000 доллар алып бербей койгонго айыпталууда. Жабырлануучу 2022-жылы милицияга кайрылып, 2023-жылы кармалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10925