Жеңиш Разаков СИЗОго камакка алынды
RU

Жеңиш Разаков СИЗОго камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Министрликтин маалыматы боюнча, Жеңиш Разаковдун үстүнөн 2022-жылы 20-сентябрда Б.А. арыз жазган. Ал 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен ишеничине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1 000 000 доллар алып бербей койгондугун билдирген.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалды.

Бүгүн, 26-январда ага 209-берененин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-берененин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10087