Денесинен тамтык калган эмес. Атасы сабады делген 12 жашар баланын абалы сүрөттөрдө
RU

Денесинен тамтык калган эмес. Атасы сабады делген 12 жашар баланын абалы сүрөттөрдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Беловодск айылында 12 жаштагы баланы атасы мыкаачылык менен сабаган. Бул туурасында Kaktus.media сайтына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Экспертиза учурунда тартылган сүрөттөргө караганда, атасы баласын камчы менен сабап келген. Натыйжада 12 жаштагы баланын денесинен тамтык калган эмес.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн бул иш алардын көзөмөлүндө экенин кабарлашты. Баланын ур-токмокко алынганы мугалимдин аркасында белгилүү болгон. Ал окуучунун көгөргөн жерлерин көрүп, жүрүм-турумунун өзгөргөнүн байкаган. Андан кийин ал дарыгерлерге кабарлап, алар өз кезегинде милицияга кайрылышкан.

Учурда бала жакынына өткөрүлүп берилди. Баланын атасы бир айга камакка алынган. Атайын комиссия түзүлүп, балага психолог дайындалды.

Белгилесек, Чүй ОИИББден 12 жаштагы окуучунун сабалышы боюнча атасы кармалганын, ага карата "Кыйноо" беренеси менен иш козголгонун маалымдашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10995