Бишкекте милициялар тарабынан зордукталган кыздын иши боюнча митинг өтүп жатат
RU

Бишкекте милициялар тарабынан зордукталган кыздын иши боюнча митинг өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Эмен багында 13 жашында кордолгон кыздын иши боюнча шаардык соттун өкүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат. Акцияга 7 киши чыкты.

Белгилесек, Жогорку Сотто бүгүн эки милиционердин өкүмү боюнча жабыркаган тараптын даттануусу каралат.

Окуя тууралуу кыскача:

13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 8-июлунда сотто карала баштаган. Кылмыш ошол жылдын февраль айында жасалган.

Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү – официанттын ишин караган. Сот аларды 10 жана 15 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Бишкек шаардык сот айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

2023-жылдын 13-мартында Жогорку Сот айыпталуучулардын бири - официанттын ишине чекит коюп, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык, айыпталуучу 8 жылга кесилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11042