Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын биринин ишине чекит койду
RU

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын биринин ишине чекит койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген официанттын иши Жогорку Сотто бүгүн, 13-мартта каралып, чекит коюлду. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов Kaktus.kg`ге билдиргендей, айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылды.

Айтымында, буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен официант 8 жылга кесилген.

"Райондук соттун чечими боюнча жогорку инстанцияга даттанганбыз. Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды", - деди Султанов.

Окуя тууралуу:

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 2022-жылдын 8-июлунда башталган. Кылмыш 2022-жылдын февраль айында жасалган. Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган.

30-августта Свердлов райондук соту милция кызматкерлерин 15 жылга, ал эми күзөтчүнү 10 жылга эркинен ажыраткан.

2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен милиция кызматкерлеринин бири 9, экинчиси 6 жыл жаза өтөмөй болушкан. Буга жабырлануучу тарап нааразы болушкан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10880