"Салык чек" тиркемеси аркылуу бир күндө 40 миллион сомго дүмүрчөк сканерден өткөрүлдү
RU

"Салык чек" тиркемеси аркылуу бир күндө 40 миллион сомго дүмүрчөк сканерден өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лотерея кайра жандангандан кийин бир суткада "Салык чек" тиркемеси аркылуу 40 миллион сомдон ашык суммага 26 миңден ашык кассалык чек сканерден өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, лоторея 23-мартта расмий жарыяланган.

Маалым болгондой, лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат, анын 30у супер байге: он батир жана 20 электромобиль.

Супер байгелерден тышкары iPhone 14 - 1000 даана, Xiaomi смартфону - 1000 даана, Дубайга эки кишилик 6 жолдомо, 300 ноутбук, 40 Дайсон берилет.

Ар бир товарды сатып алуу же кызматтарды алууда ККМден накталай дүмүрчөктөрдү талап кылыңыз. Андан кийин мобилдик колдонмонун сканери менен кассирдин квитанциясынын QR кодун сканерлеңиз.

Сканерленген кассалык чектердин суммалары 1000 сом = 1 ID-номер эсебинде ID-номерлерге алмаштырылат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11114