Он батир, миң айфон 14. Жаңы лотереяда дагы эмнелер ойнотулат?
RU

Он батир, миң айфон 14. Жаңы лотереяда дагы эмнелер ойнотулат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы өлкө жарандарын "Чек талап кыл – байге утуп ал!" лотереясына активдүү катышууга чакырат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат, анын 30у супер байге: он батир жана 20 электромобиль.

Супер байгелерден тышкары iPhone 14 - 1000 даана, Xiaomi смартфону - 1000 даана, Дубайга эки кишилик 6 жолдомо, 300 ноутбук, 40 Дайсон берилет.

"Лотереянын байге фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржыланды", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан быйыл эки тираж өткөрүлөт. Биринчиси 1-июлда, экинчиси 30-декабрда болот.

Ар бир товарды сатып алуу же кызматтарды алууда ККМден накталай дүмүрчөктөрдү талап кылыңыз. Андан кийин мобилдик колдонмонун сканери менен кассирдин квитанциясынын QR кодун сканерлеңиз.

Сканерленген кассалык чектердин суммалары 1000 сом = 1 ID-номер эсебинде ID-номерлерге алмаштырылат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11094