Ошто бассейнге түшкөндөн кийин жети кичинекей бала жана эки чоң киши ооруканга жеткирилди
RU

Ошто бассейнге түшкөндөн кийин жети кичинекей бала жана эки чоң киши ооруканга жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы Classic бассейнине түшкөндөн кийин жети кичинекей бала жана эки чоң киши госпитализацияланды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 27-мартта Оштогу балдар ооруканасынан милицияга билдирүү келип түшкөн. Аларга туулган жылы 2004-жылдан тартып 2020 жылга чейинки жети бала жана бир аял бир эркек киши жеткирилди, деп айтылган.

Такталган маалыматка ылайык, алар 27-мартта болжол менен 13:30да Classic бассейнине эки үй-бүлө бала чакасы менен келген. Кечки саат 18:30да алар үйлөрүнө кетип, өздөрүн жаман сезгендиктен ооруканага кайрылышкан.

Жабыркагандардын айтымында, алар бассейнде жүргөндө тамактанышкан эмес. Ошого карабастан абалы начарлап, дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушкан.

Бассейдин администратору бассейнге ар дайым химиялык заттар жана хлор кошула тургандыгын айтып, балким алар бассейндеги сууну жутуп алышкан, деп божомолдоду.

Ош шаарынын ИИБси бул фактыны тастыктап, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын маалымдады. Бассейндеги суу анализге алынып, соттук-химиялык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. Анын корутундусуна жараша окуяга баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1112