Чүйдө 66,8 га жер тилкесин саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду
RU

Чүйдө 66,8 га жер тилкесин саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө жер тилкелерин мыйзамсыз саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган комиссиянын мүчөлөрү бир нече кызмат адамдары коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат, айдоо жерлерди документтерди жасалмалоо жолу менен жеке тараптардын менчиги катары катташкан. Кийин документтерди жасалмалоо жолу менен багытын калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушкандыгы аныкталган.

Натыйжада алар жарандарга аталган жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз сатып, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11172