Айгерим Расул кызы Instagram`дагы катталуучуларынын саны боюнча рекорд койду
RU

Айгерим Расул кызы Instagram`дагы катталуучуларынын саны боюнча рекорд койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Айгерим Расул кызынын Instagram баракчасындагы катталуучуларынын саны 5 миллионго жетти. Ал социалдык тармактагы баракчасына бул тууралуу жазып, куттуктоо айткандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Биз 5 миллион болдук. Кыргызстан боюнча №1 орундабыз. Ар бир куттуктооңуздарды окуп жатам, рахмат алтындарым!

Жашоодо ийгиликке жетүү көпчүлүктүн эң башкы максаты. Бирок эң кыйыны ал ийгиликке жетүү эмес, ошол ийгиликтин туу чокусунда жылдар бою кармалып калуу. Андыктан эч качан бир максатка жеткенден кийин токтобоңуздар, ар дайым алдыга гана умтулуңуздар!", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11181