Instagram`да эң популярдуу айым аныкталды
RU

Instagram`да эң популярдуу айым аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Instagram`дагы катталуучуларынын саны боюнча аялдар арасындагы лидерликти америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес багындырды. Чет элдик басылмалар жазгандай, буга чейин Instagram`да эң популярдуу айым Кайли Женнер болчу.

Instagram`дагы эң көп катталуучусу бар айымды аныктоо учурунда Кайлинин баракчасына жазылгандардын саны 381 миллион адамдан ашкан эмес. Ал эми Селенанын катталуучуларынын саны 381 84 248ди түзгөн.

Дүйнөлүк басылмалар Селена Гомес Instagram баракчасын өзү башкарбай турганын белгилешүүдө. Ал бир нече жыл мурун аталган тиркемени терс таасир этет деп телефонунан өчүрүп салганын жазышат. Анын постторун жардамчысы жарыялай турганын кошумчалашат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактагы эң популярдуу мырзасы футболчу Криштиану Роналду. Ал 550 миллион катталуучусу бар биринчи адам.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10479