Оштун тургуну террордук уюмдун мүчөлөрүнө паспорт жасатууга аракет кылганга деп шектелди
RU

Оштун тургуну террордук уюмдун мүчөлөрүнө паспорт жасатууга аракет кылганга деп шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Кыргызстандын паспортторун жасаган канал аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынан белгилешкендей, паспорттор эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө берилмек.

Маалым болгондой, Ош облусунун жашоочусу Х.У.О. кармалды. Ал эл аралык террористтик уюмдун айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен Ош облусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын жараны деген жасалма паспортторун жасоого аракет кылганга шектелүүдө.

Кармалган аялдын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын жараны деген 2 паспорт табылган. Аталган факты боюнча учурда паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11223