Россияда изделип жаткан жаран Кыргыз паспортун сатып алганга аракеттенген
RU

Россияда изделип жаткан жаран Кыргыз паспортун сатып алганга аракеттенген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Челябинск облусунда изделип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалым болгондой, 10-мартта Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган жаран жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү, ошондой эле Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынын (РФнын "Каракчылык", "Бейбаштык", "Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү", "Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу" беренелери боюнча) бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң доллар берип, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10834