Бишкектеги Горький көчөсү шейх Заид бин Султан Аль Нахайян болуп өзгөрүшү мүмкүн
RU

Бишкектеги Горький көчөсү шейх Заид бин Султан Аль Нахайян болуп өзгөрүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Горький көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүшү мүмкүн. Тагыраагы, көчөнү Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү, тунгуч президенти Заид бин Султан Аль Нахайяндын атынан атоо каралууда.

"Бишкекглавархитектура" ишканасынан Kaktus.media сайтына бул маселе мэриянын кароосунда экенин билдирди.

"Калаа бийлиги аталган көчөнүн аталышын өзгөртүү боюнча маселени талкуулап жатат. "Бишкекглавархитектуранын" комиссиясына азырынча эч кандай билдирүү түшө элек", - дешет маалымат кызматынан.

Ал эми Бишкек мэриясынан бул маселе боюнча кеңири маалымат жок экенин билдиришти.

Белгилесек, учурда Бишкекте көчөлөрдүн, сейил бактардын жана башка объектилердин атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз тарап Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө "шейх Заид бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышын ыйгарган. Ошондой эле Садыр Жапаров өлкөдөгү мектептердин бири шейхтин ысымын аларын билдирген.

Сүрөт sputnik.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11348