Ысык-Көлдөгү бир мөңгүгө БАЭ негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды
RU

Ысык-Көлдөгү бир мөңгүгө БАЭ негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусундагы мөңгүгүлөрдүн бирине Бириккен Араб Эмирлигинин негиздөөчүсү, шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook'тагы баракчасына жазды.

Ал Садыр Жапаров БАЭ президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө "шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышы ыйгарылганы жөнүндө билдиргендигин айтты.

"Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды", – деди ал.

Султанбаев жазгандай, Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу пайдалануу жана экологияга аяр мамиле кылууну жактаганы менен белгилүү болгон.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.

БАЭ президенти эмират элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, бул демилгени жогору бааларын белгиледи, деп кошумчалады Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9103