МИК башчысы №47 абактын ордуна курулчу батирлер канча сом болорун айтты
RU

МИК башчысы №47 абактын ордуна курулчу батирлер канча сом болорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Мамлекеттик ипотекалык компанияга мурдагы №47 абактын ордуна объекттерди куруу үчүн 1 млрд сом бөлүүгө макул болду.

Мамлекеттик ипотекалы компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жер тилкесинин аянты 8,8 гектарды түзөт деди. Бул аймакка 11 турак жай кварталы (5 миңден ашык батир), бир бала бакча, бир мектеп, эки унаа токтотуучу жай, спорт аянтчасы курулат. Жалпы аянты 707 529 чарчы метр болот.

"Турак жайдын бир чарчы метри 550 доллардан ашпайт. Курулуш иштерин "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. Курулуш компаниясын аныктоо боюнча тендер болгон эмес, токтому бар", - деди Төлөгөнова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11355