Инфекциялык ооруканада COVID-19дан жабыркап оор абалда болгондор көбөйө баштады
RU

Инфекциялык ооруканада COVID-19дан жабыркап оор абалда болгондор көбөйө баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инфекциялык ооруканада COVID-19дан жабыркап абалы оорлошуп кеткен бейтаптар кобөйө баштады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев айтып берди.

"Тилекке каршы оор абалда кайрылгандар көбөйдү. Себеби, биздин эл көбүн эсе өз алдынча, үй шартында дарыланып жүрө беришет. Анан деми кысылып, аба жетишпей баштаганда, температурасы эки үч күн түшпөй калганда, бизге кайрылышат. Учурда реанимацияда 18 адам дарыланууда. Алардын абалы оор", - деди дарыгер.

Аалиевдин айтымында, жалпысынан эле ооруканаларга кайрылуулардын саны өстү. "Буга чейин күнүнө 20-30 адам кайрылса, учурда 45ке чукулдап калды. Орто эсебинен 30 адамды госиптализациялап жатабыз", - деди ал.

"Ал эми ооруканада орун жок, деген маалыматты Аалиев төгүндөдү. Эртең менен ооруканада 120 бош орун бар болчу. Бул азырынча кайрылгандарды жайгаштырууга жетиштүү. Андан тышкары, жакшы болуп кеткендерди үйлөрүнө жөнөтүп жатабыз. Орун бар", - деди башкы дарыгер.

Эске салсак, Бишкекте коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны көбөйүп жатат. Өткөн күнү шаар боюнча 97 учур катталды. Бул жалпы республика боюнча берилген көрсөткүчтүн 59%.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1136