Медициналык маскаларда курттар бар деген видео тарап жатат. Бул маалымат фейк
RU

Медициналык маскаларда курттар бар деген видео тарап жатат. Бул маалымат фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда медициналык маскалардын ичинде курттар бар, деген видео жайылып жатат. Эгер масканы ысык суу куюлган кружканын жардамы менен жылытып, телефондун камерасын 10 эсе чоңойтсо, алардын кыймылдаганын көрсө болот имиш.

Жакында эле мындай видеолор Россия жана Казакстан боюнча жайылып калк арасында кооптонууну жараткан. Казакстандын Facktchek.kz басылмасы маскалардын ичинде курттардын болушу чындыкка дал келбейт - бул фейк, деген бүтүм чыгарган.

Мындай пикирлер физиканы билбегенден улам жаралып жатат. Чынында, видеодогу курт деп аталган майда кылдар - кездеменин майда волокнолору алар автордун деминен улам чайпалып, кыймылга келип жатат, деп басылма жазды.

Stopfake.kz да бул туурасында жазып, Казакстандын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети бул маалыматты төгүндөдү, деп билдирди. "Бул ошол эле заводдо чыгарылган башка түстөгү сиинтетикалык буюмдардын бөлүкчөлөрү, кылдары болушу мүмкүн", - деп божомолдогон.

Андан тышкары маскадагы кара түстөгү майда кылдар нанобот курттар, деген имиштер да чындыктан алыс, экенин кошумчалаган.

Kaktus.media редакциясы да эксперимент өткөрүп, кадимки масканы кружкага куюлган жылуу суу менен жылытып, телефондогу макросъемка режими аркылуу тартып көрдү. Бирок эч нерсе көрө алган жокпуз.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда видеодогу маалымат жалган экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1118