Камактагы активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды
RU

Камактагы активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад маселеси боюнча СИЗОго киргизилген активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул туурасында жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Айтымында, дарыгерлер дээрлик бир ай мурда эле активистти ооруканага жаткыруу керек дешкен.

"Ооруканага жаткырылышы зарыл деп дарыгерлер айткандан 27 күн өтүп, акыры Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды", - деди ал.

Буга чейин Кемпир-Абадчылар Кыйноолорго каршы улуттук борборго, укук коргоо уюмдарына, акыйкатчыга кайрылышып, Г. Журабаевага, Т. Мадеминовго, Ч. Капаровго жана И. Шаменовго дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө карабастан ооруканага чыгууга уруксат бербей жатканын айтышкан. Алар көз карандысыз даргерлердин комиссиясын түзүп, абалы оор делингендерди көрүп, жыйынтык чыгарып берүүнү суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11500