Кемпир-Абад боюнча кармалгандар дарыгерлер менен ооруканаларга даттанышты
RU

Кемпир-Абад боюнча кармалгандар дарыгерлер менен ооруканаларга даттанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар Кыйноолорго каршы улуттук борборго, укук коргоо уюмдарына, ЖМКларга жана акыйкатчыга кайрылуу жасашты. Каттын авторлору медициналык жардам ала албай жатышканын, кыйноолорго дуушар болушканын айтышат. Мындан улам алар көз карандысыз дарыгердик комиссия түзүүнү суранышат.

"Бийлик жана анын көз каранды укук коргоо органдары камакта мыйзамсыз жаткан Кемпир-Абадчыларды эркиндиктеринен гана ажыратпастан, квалификациялуу жана адистешкен медициналык кызмат алуудан дагы ажыратып, кыйноолорго дуушар кылууда.

Г. Журабаевага, Т. Мадеминовго, Ч. Капаровго жана И. Шаменовго дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө карабастан ооруканага чыгууга уруксат бербей жатат. Ал эми оор операциядан кийин М. Абылов менен К. Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды. Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып атат деп эсептейбиз.

Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилери ооругандардын далилдерине карабастан, ар кандай шылтоолор менен ооруканага чыгаруудан баш тартышууда.

Ооруп жатканына карабастан Кемпир-Абадчыларды көпчүлүк дарыгерлер жана ооруканалар бийликтин басымынан коркуп кабыл алуудан баш тартышууда. Ал эми кабыл алгандар эртерээк дарыланбаса ооруканадан чыгарып коюшууда.

Ушуга байланыштуу биз көз карандысыз даргерлердин комиссиясын түзүп, абалы оор Кемпир-Абадчыларды көрүп, жыйынтык чыгарып берүүнү суранабыз", - деп айтылат кайрылууда.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (52 статьи)
Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменовго кошумча айып угузулду
3 Май 2023, 20:31
Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчороев камакта калтырылды
2 Май 2023, 13:06
Активисттердин массалык кармалышы. Айрымдарына дагы эки айып тагылды
26 Апрель 2023, 12:25
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11164