Дагы бир тергөөчү пара менен кармалды. Ал 5 миң доллар талап кылганга шектелүүдө
RU

Дагы бир тергөөчү пара менен кармалды. Ал 5 миң доллар талап кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен УКМК тарабынан пара алууга шектелип Сокулук РИИБдин тергөөчүсү кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Айтымдарында, бүгүн, 18-апрелде Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 5 миң доллар талап кылганга шектелип кармалды. Кармоо учурунда тергөөчү акчанын бир бөлүгү - 100 миң сомду алып жаткан дешет күч түзүмдөрүнөн.

Кийинчерээк УКМКдан Сокулук РИИБдин кызматкери кармалганын ырастады. Маалыматка ылайык, милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн жарандан 5 миң доллар акча талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду дешет коопсуздук комитетинен.

Өздүк булактын айтымында, ИИМ түздөн-түз же милиция кызматкерлеринин катышуусунда жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды, укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11684