Ноокатта тергөөчү 50 миң сом менен кармалды
RU

Ноокатта тергөөчү 50 миң сом менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жатканда колго түшүрүлдү. Ал УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен ИИМ тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн алкагында кармалган.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.уулу Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуу үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 343-берененин 2-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөөчү соттун чечими менен 12-июнга чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11680