Парламентте Осмоналиевден "тили сынган министрлер тесттен кантип өтүп жатканын" сурашты
RU

Парламентте Осмоналиевден "тили сынган министрлер тесттен кантип өтүп жатканын" сурашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз тилин В1 деңгээлинен төмөн билген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер иштебеши керек. Бул туурасында Улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Дастан Бекешев кыргыз тил боюнча сынактан өтпөй калса, кызматтан алынабы деп кызыкдар болгон мамлекеттик кызматкерлер кайрылып жатканын айтты. Ал эч ким кызматтан алынбашы керек дейт.

"Документтерди жүгүртүү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Маалыматтар орус жана кыргыз тилдеринде берилиши мүмкүн. 2019-жылдан бери "Кыргыз тест" системасы киргизилип, анда беш деңгээл бар: А1 ден С1ге чейин. Тил билген мамлекеттик кызматкерлер В1 деңгээлинде мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу бар, мындай норма бар", - деди комиссиянын жетекчиси.

Ошол эле учурда Тазабек Икрамов белгилегендей, айрым мамлекеттик органдарда кызматкерлер жумушка орношуп жатканда сынактан өтпөй калышат.

Осмоналиев аны менен макул болду. "Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. В1 деңгээлинен төмөн тилде сүйлөгөн жарандар мамлекеттик органдарда иштебеши керек деген норма катуу иштеши керек", - деди ал.

Ал эми Мирлан Самыйкожо айрым министрлер сынактан кантип өтүп жатканына кызыгып "тили сынган министрлерди көрүп жатабыз" деди.

Каныбек Осмоналиев абдан таалуу суроо бердиңиз деп буларга токтолду.

"Норма боюнча министр баш болуп "Кыргыз тесттен" өтүшү керек. Айрым министрлер сынактан өтүп жатышат. Бирок аз. Министрликтердин борбордук аппараттарына жат жазуу жаздырып, жыйынтыктарын бердик. Биз ойлогондой эле катастрофалык абалда эмес экен. Башка маселе, кадрдык жыйынтык чыгаруу аксап жатат", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11704