Мамлекеттик тил боюнча угууда түштүк диалект менен күрөшүү сунушталды
RU

Мамлекеттик тил боюнча угууда түштүк диалект менен күрөшүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" парламенттик угууда журналист Куттумидин Базаркулов диалект менен күрөшүү сунушун киргизди. Ал кыргыз тилин оңдоо керектигин белгилеп, жеке эле тил комиссиясы эмес, өкмөт, коомдук уюмдар дагы бул багытта иш алып барышы керектигин айтты.

"Дагы бир нерсени белгилейин, өзүм Жалал-Абаддан болом. Жеке эле түндүктөгү "киргиздер" менен алыша бербей, түштүктөгү "меньям, сеньям" менен да күрөшүшүбүз керек. Тилди оңдошубуз керек. Кыргыз тилинин тестине катышкам. Ал жердеги суроолор кыргыз тили боюнча эмес, көбүнчө логикалык суроолор экен. Кыргыз тилинин өнүкпөй жатканына биз - кыргыздар өзүбүз күнөөлүүбүз", - дейт Базаркулов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10564