Коррупцияга шектелген салык инспекторлору менен ишкерлер казынага 100 млн сом кайтарышты
RU

Коррупцияга шектелген салык инспекторлору менен ишкерлер казынага 100 млн сом кайтарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынынын 10 инспектору жана жеке ишканалардын 3 жетекчиси коррупцияга шектелип кармалган. УКМКдан билдиришкендей, бүгүн, 19-апрелге карата келтирилген зыяндын орду толукталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө салык кызматкерлери чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен жең-учунан сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайтканы аныкталган. Натыйжада 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Комплекстүү тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кызмат адамдарынын жана "Ф" тобундагы компаниялардын салык төлөөдөн качуу түрүндөгү аракеттеринен келтирилген зыян республикалык бюджетке толук кайтарылды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11715