Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция боюнча кармалды
RU

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция боюнча кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын бир нече кызматкерин кармады. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, алар коррупцияга шектелүүдө.

Белгиленгендей, кызматкерлер чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен жең-учунан сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайткан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, 100 миллион сомдон ашык каражат төлөнүүгө тийиш болгон.

Келип түшкөн материалдардын негизинде 336-берененин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган. Аларга тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11646