Жол кырсыгына кабылган балдардын 16сы ооруканадан чыкты. Биринин абалы өтө оор
RU

Жол кырсыгына кабылган балдардын 16сы ооруканадан чыкты. Биринин абалы өтө оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Автобус менен кырсыкка кабылган балдардын 16сы ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, учурда бир бала жандандыруу бөлүмүндө. Абалы өтө оор.

"Биздин ооруканага 27 бала келип түшүп, анын 24ү жаткырылган. 4 бала реанимацияда болчу. Үчөөнүн абалы жакшырып, палатага которгонбуз. Учурда бир бала жандандыруучу бөлүмдө. Эсине келе элек. Дагы деле комада. Абалы өтө оор. Тыкыр көзөмөлүбүздө. Эсине келип, жакшы болуп кетет деген үмүтүбүз чоң. Ал эми калгандары боюнча бүгүн, 24-апрелде 16 баланы үйүнө чыгардык. Абалдары жакшы. Калган сегиз бейтап биздин тыкыр көзлмөлдө", - деди ал.

Маалыматка ылайык, ооруканадан чыккан балдарга алар жашаган жери боюнча Сокулук районуна караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери көз салып турат.

"Сокулук районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине тапшырмаларды бердик. Алар 16 баланын абалына көз салып турушат", - деп кошумчалады Аман Маманов.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырскка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Калган 14 бала оорукананын башка бөлүмдөрүндө тиешелүү дарыланууну алып башташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11785