Окуучулар кабылган кырсык. Жабыркагандардын саны 27ге жетти
RU

Окуучулар кабылган кырсык. Жабыркагандардын саны 27ге жетти

Все самое интересное в Telegram

"Манас" аэропортунун трассасында жол кырсыгына кабылып, жаракат алган балдардын саны 27ге жетти. Бул туурасында шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына билдирди.

Дарыгердин айтымында, реанимацияга түшкөн 4 окуучунун үчөө эсине келди.

"Жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын биринин абалы туруктуу оор, үчөө эсине келди. Алар эртең жалпы палатага которулат. Ал эми 9 бала нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Кечээ кечинде жана бүгүн, 21-апрелде да кайрылгандар болду. Жалпы 27 бала бар. Абалдары жакшы", - деди Маманов.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Калган 14 бала оорукананын башка бөлүмдөрүндө тиешелүү дарыланууну алып башташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11760