Сауд өнүктүрүү фонду ипотекалык үйлөрдү курууга, Талас-Тараз жолун оңдоого насыя берет
RU

Сауд өнүктүрүү фонду ипотекалык үйлөрдү курууга, Талас-Тараз жолун оңдоого насыя берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга 23-24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегация келди. Иш сапардын алкагында эки макулдашууга кол коюлганын Каржы министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, каржы министри Алмаз Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршадд "Турак жайды каржылоо" жана "Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн долларды түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол коюлду.

Кол коюлган келишим боюнча аталган фонддун 100 млн доллар өлчөмүндөгү каражаты өлкөнүн калкы үчүн жеткиликтүү ("Менин үйүм" турак-жай программасы) турак-жайларды курууга багытталат. Ошондой эле Талас районундагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого жумшалат.

Белгилей кетсек, 2026-жылга чейин "Менин үйүм 2021-2026" программасын ишке ашыруу алкагында жалпысынан 50 миңден ашык жаранды турак-жай менен камсыз кылуу пландалууда.

Андан кийин Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды Садыр Жапаров кабыл алды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, тараптар биргелешкен долбоорлор жана мындан аркы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Султан Абдурахман Аль-Маршадга Сауд өнүктүрүү фондунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад жылуу кабыл алуу жана сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, акыркы эки жылда тараптар Кыргызстанда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11805