Ипотекалык үйлөрдү берүү программасына өзгөртүүлөр киргизилди
RU

Ипотекалык үйлөрдү берүү программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул туурасында "Мамлекеттик ипотекалык компаниядан" кабарлашат.

Калктын турак жайга муктаж болгон айрым социалдык топторуна карата жаңы багыттарды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы №140 токтомуна ылайык, программага өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда, "Социалдык ипотека" багытында жылдык 4% менен мамлекеттик ипотекалык насыяны бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери гана эмес, иш чөйрөсүнө карабастан жарандардын айрым категориялары да ала алышат.

Алар кимдер?

  • 5 жана андан ашык баланы тарбиялаган көп балалуу үй-бүлөлөр;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчусу болгондор;
  • жашы жете элек баланы ата-энелердин бирөө гана тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөр;
  • айыл жергесинде иштеген жаш адистер.

"Социалдык ипотека" багытынын алкагында МИКтин турак жай фондунан банктардын катышуусу жок эле түздөн-түз кийин сатып алуу менен узак мөөнөткө турак жай ижарага берилет.

Мындан тышкары программанын алкагында ипотекалык насыяларды берүү үчүн жарандардын аманаттарын тартууга багытталган контракттык турак жай аманаттарынын системасын өнүктүрүүгө басым жасалат. Бул система МИКтин туунду компаниясы – "Элдик турак жай компаниясы" турак жай-сактык кредиттик компаниясы аркылуу ишке ашырылат.

Ошондой эле аталган системанын алкагында чет өлкөлөрдө иштеген республиканын жарандары мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.

Кошумчалай кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөргө ылайык жакынкы арада МИКтин расмий сайты www.gik.kg жаңыланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11685